Бишкекте сотто күбө айыпталуучуга бензин чачып, өрттөп жиберүүгө аракет жасалды. Андагы видеону социалдык тармакка Фейсбук колдонуучу Бактыбек Жумашев жүктөдү.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришкендей, окуя бүгүн, 26-октябрда болгон. Анда биринчи соттук отурум аяктаган соң, аталган иш боюнча А.Г. аттуу күбө айыпталуучуга бензин чачып, өрт койгон.
"А.Г. аттуу жаран аталган иш боюнча күбө болуп саналат жана ал бүгүнкү соттук отурумга чакырылган эмес”, - деп айтылат билдирүүдө.