"Азаттык Медиа" сайтынын иши эки айга токтотулду

“Азаттык Медиа” сайтынын иши эки айга токтотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, министрлик мындай кадамга барууга Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу экенин жүйө келтирген.

Министрлик тарабынан 2022-жылдын 16-сентябрында “Учурдагы убакыт” ресурсунда («Азаттык Медиасынын» ведомстволук түзүмү) “Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш | ASIA” аттуу видеоматериалы эфиринде кастык маанайдагы сөздөр колдонулган. Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат, Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандардын ортосунда кастыкты, дискриминацияны жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар аныкталган.

"Буга байланыштуу министрлик 17-сентябрда “Азаттык Медиа” мекемесине ММК чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдардын нормаларын так сактоо жана Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо боюнча кайрылуу жөнөткөн. Бирок бул кайрылууга көңүл кош мамиле кылынып, “Азаттык Медиа” тараптан жооп кайтарылбай, тиешелүү чаралар көрүлгөн эмес.

Ошондуктан министрлик Кыргыз Республикасынын “Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 2022-жылдын 24-октябрындагы № 12-3/6873 (талап кылынгандан кийин 24 сааттын ичинде) көрсөтүлгөн материалды өчүрүп салуу тууралуу катын “Азаттык Медиа” мекемесине жөнөткөн. Министрликтин катына жооп катары “Азаттык Медиа” мекемесинен сайт тиешелүү чараларды көрүп, аталган материалды өз платформасынан алып салуу боюнча техникалык иштерди жүргүзүп жатканы тууралуу жооп келген. Бирок ушул күнгө чейин бул видео өчүрүлө элек.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, министрлер кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелинде 204-токтому менен бекитилген “Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматты жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартибин" жетекчиликке алып, министрлик хостинг/интернет провайдерлери жана байланыш операторлору аркылуу, "Азаттык Медиа" сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуу жөнүндө чечимин кабыл алды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Гулнара
2022-10-26 17:37:00
Аябай кубанычтуу кабар
-1
Antiradikal11
2022-10-26 18:28:00
Гулнара, бийликтин сойкулары, доопарастары учун майрам да........
+6
Antiradikal11
2022-10-26 18:28:00
Башталды. 2 доопарас баштады зоокурлугун......
+15
Antiradikal11
2022-10-26 18:53:00
2 доопарас ушуну менен чындыкты жашыра алабыз деп ойлосо терен жанылышат...... Ансыз да 2 доопарастын бийликтеги мооноту ото тездик менен аягына чыгып бара жатат.....
+17
Asmat84
2022-10-26 19:59:00
Antiradikal11 Туура айтасын баш кесмек бар тил кесмек жок. Шибегени капка ката албайсың
+3
Багыш
2022-10-26 21:19:00
Antiradikal11 ээ Кемчонтой сен Москвада экенсиң белгилүү. Мага жынысын айтчы эркексинби же аялбы. Бирок мен билем сен точно батышчыл бир жыныстуу нпошниктерден окшойсуң. Бизге мындайлар жана мындайларды колдогон медиалар кереги жок жабылсын түп тамырынан. Кыскасы ноябрда төңкөрүш болбойт кыжалат болбой Москвада иштей бер.
-3
Mashyrbek
2022-10-26 19:03:00
Эн туура жабылсын
-7
Azat-123
2022-10-26 23:55:00
Жакшы жаңылык
-2
kriss120
2022-10-28 18:40:00
Туура жабылсын азаттыктын жабылышына эки достун кандай тиешеси бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан