
Орусиянын президенти
Владимир Путин КМШга мүчө мамлекеттердин атайын кызмат жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп жатат.
Видеоконференция түрүндө өтүп жаткан иш-чарага Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышууда.
Анда Орусиянын президенти КМШ өлкөлөрү азыр болуп көрбөгөндөй террордук коркунучка кептелгенин, согуштук тажрыйбасы бар чет элдик жалданма күчтөр КМШнын кооптуулугуна коркунуч жаратып жаткандыгын айтты.