
Бишкек ЖЭБин быйыл күз-кышкы сезондон кийин мэриянын карамагына өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри
Таалайбек Ибраев билдирди.
"Бишкек ЖЭБине эң көп карыз алынган. Энергосектордун көп акчасы ошого кетет. Күзгү-кышкы сезондон кийин Бишкек ЖЭБин мэрияга өткөрүп беребиз. Менин биринчи милдетим карызга баткан энергосекторун баткактан чыгаруу", - деди Ибраев.
Ал бүгүнкү күндө энергетика тармагындагы карыз 136 миллиард сомду түзөрүн билдирди. Ошондой эле чет жактан алынган насыяларга "Датка - Кемин" электр линиясы курулуп, "Датка" подстанциясы, Бишкек ЖЭБи реконструкцияланганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, учурда Бишкек ЖЭБи “Электр станциялары” ААКсынын балансында.