Жапаров БУУнун туруктуу координатору менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тутумунун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Белгилүү болгондой, жолугушууда Жапаров БУУ тутумунун туруктуу координаторун жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен БУУ агенттиктеринин ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгиледи.

"Акылбек Жапаров учурда кыргыз тарап тоолорду туруктуу өнүктүрүү жана тоо экосистемаларын сактоо маселесине өзгөчө көңүл буруп жатканын, ага байланыштуу 2022-жыл «Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы» катары жарыяланганын баса белгиледи. Өз кезегинде БУУ тутумунун туруктуу координатору Антье Граве Кыргыз Республикасынын уюмга мүчө болушунун 30 жылдыгы менен куттуктап, бул маанилүү датаны эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн символу катары белгиледи.

Антье Граве кыргыз тарапты Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун кызматташтыктын ар тараптуу багыттары боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экендигине ишендирип кетти", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан