Нурланбек Шакиев Өзбекстан Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Самарканд шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындарынын алкагында Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын жана парламенттер аралык алаканын актуалдуу маселелери талкууланды.

Нурланбек Шакиев Өзбекстан менен калыптанган достук жана жакын коңшулук мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин билдирди. Эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык алакалар тууралуу сөз кылган төрага аны мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Муну менен катар эки тараптуу соода жүгүртүүнү 2 миллиард АКШ долларына чейин көбөйтүү максатында эки өлкөнүн рыногундагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүнө жагымдуу шарттарды түзүү жаатында кыргыз тарап биргелешип иштөөгө кызыкдар экендигин билдирди.

Өз кезегинде Танзила Нарбаева алгач Нурланбек Шакиевди төрага болуп шайланышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалоо менен Өзбекстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды. Ошондой эле эки элдин кызматташтыгы достук, жакын коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделгенин баса белгилеп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу багытында жасалган алгачкы кадамдар тууралуу сөз кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан