Эртең, 28-октябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматы билдирди.
Анда Армения-Азербайжан чек арасындагы кырдаалдын курчуп кеткендигине байланыштуу Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрында Арменияга жөнөтүлгөн миссиянын ишинин жыйынтыгы талкууланат.
Ошондой эле Армения Республикасына жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен чараларды кароо пландалууда.