Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн иликтей турган комиссиянын төрагасы шайланды

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Кумтөр Голд Компани” ЖАКта алтындын казылышы менен сатылышын иликтей турган депутаттык комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо жөнүндөгү токтом долбоору жактырылды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында 59 депутат "макул" болду. Ага ылайык, убактылуу депутаттык комиссияны Исхак Масалиев жетектемей болду. Ал эми анын үч орун басары - Арсланбек Малиев, Жусупбек Коргонбай уулу жана Нилуфар Алимжанова болду.

Убактылуу депутаттык комиссия “Кумтөр” ишканасынын Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтейт. Комиссияда азыркы учурда 20 мүчө бар экени айтылды.

Эске салсак, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кумтөр кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Анда комиссиянын курамына 12 депутат кирген болчу.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында 2021-жылы Кыргызстандан 19,2 тонна алтын такталбаган өлкөгө сатылгандыгы айтылган. Август айынын аяк ченинде коомчулукта алтындын белгисиз өлкөгө сатылгандыгы сынга алынган. Президент бул боюнча алтындын кайсы өлкөгө сатылары мамлекеттик сыр экендигин билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан