Күз - жаратылыштын ажайып кооз мезгили. Күз мезгилинин башталышы менен аба ырайы суук тартып, айлана алтын түскө боёлору ырас.
Борборубуз Бишкек шаарында табият өзгөчө көркөм, өзгөчө сулуу болуп турган чагы. Андыктан ар бир мезгилге байкоо жүргүзүп, анын кооздугуна суктанып калуу зарыл. Күнүмдүк жашоо, окуу, жумуш деп жүрүп, керемет күздүн көркөмүнө суктанууга убакыт таба албай калган болсоңуз, төмөндөгү сүрөттөрдү тартуулайбыз.
КҮЗГҮ ШАМАЛ
Албууттанып, бак-даракты жапырып,
Акыр-чикир, таштандыны сапырып.
Таңкы шамал улуп-уңшуйт басылбай,
Тажаал, каардуу кышты эрте чакырып.
Топ каргалар өз тилинде каркылдап,
Тоодон күн да чыгып келет жаркылдап.
Кайрат менен багыт алып алыска
Канаттуулар сапар кезет калкылдап.
Чымчыктар ай, чатырларга жашынып,
Чырылдашат, алда неге ашыгып.
"Сайран куруп" албуут шамал токтобой,
Саман учат, кең талаага чачылып.
Кеч күз муздак, бүркөө тартып кабагы,
Кебелбеген мезгил шашат баягы.
Эсенчилик баарыбызга буюрсун,
Эң башкысы эли-журтумдун аманы.
МУЗДАК КҮЗ
Жалбырактар жайнап учат калдаңдап,
Жаны тынбай шамал жүрөт "сайрандап".
Көчөдөгү мусаапырдай көрүнөт,
Көркү кетип жып-жылаңач калган бак.
Бакчалардын текши соолду гүлдөрү,
Баш оорутат каргалардын үндөрү.
Тизмектелип өтүп барат билинбей,
Тирүүлүктүн кайтып келбес күндөрү.
Таң агарса бачым кирип кеч деле,
Тапкыс өмүр өтүп барат тез неге?
Шаабай суутуп, үшкүрүктү күчөтүп,
Шамал согот болбогондой эчтеме.
Ойго чөгөм эргүүм бир аз басаңдай,
Олтурамын ыр жакшысын жаза албай.
Көмүскөдө калган өңдүү буулугам,
Көөдөн толо үшкүрүктү баса албай.
КҮЗ
Бак-даракка салып саргыч белгиңди,
Бакыт өңдүү алтын күзүм келдиңби.
Сени күттүм сагынычым ташкындап
Сенден башка күтмөк элем мен кимди.
Ойгонуп мен, эрте, үрүл-бүрүлдө,
Олтурамын жалгыз муздак үйүмдө.
Калем, кагаз жана комуз сырдашым,
Кадырлашкан тээ балалык күнүмдө.
Келдиң күзүм, жооп кылып суроомо,
Кереметтүү эргүүлөрдү ырооло!
Жан дүйнөмдүн тереңинен сууруп
Жаным дилгир ыр саптарын куроого.
Бергин күзүм талантыма дем бергин,
Берекеси артып турсун жергемдин.
Жалгыздыкты унуткарып бир азга,
Жакшы ойлордун кучагында термелдим.
Конбойт дейсиң бакыт аттуу куш кимге?
Коркпо эргүүм бүркүт менен уч бирге!
Келчи күзүм мени дагы толкундат
Керемет шык бергениңдей Пушкинге.
Жуса Касиетов
АЛТЫН КҮЗ
Түрлөнүп бактар ар башка,
Түстөргө калды боёлуп.
Баягы жазда көктөгөн,
Боёгу кеткен жоголуп.
Түйшөлүп элдер багында,
Түшүмүн жыйнап шашылат.
Жаз эмес азыр кеч күз да,
Жамгырлар турат тамчылап.
Күркүрөп турса күз айы,
Күмүштөн көйнөк кийинип.
Аябай төгүп мөмөсүн,
Алмалар турат ийилип.
Көп берип жылда түшүмүн,
Көңүлдү ачкан алтын күз.
Белексиң бизге ар жылы,
Береке чачкан алтын күз.
Нурсултан Жайлообай уулу