"Эч кандай зордуктоо болгон эмес, ал нерсе эки тараптын тең макулдугу менен болгон",- деп билдирет зордуктоого шектелген 19 жаштагы Ш.А аттуу жигит. Мындай видео кайрылууну ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.
Анын айтымында 20-октярбрь күнү байкеси менен түнкү клубдардын бирине эс алууга барышкан. Ал жактан 3 кыз менен таанышып, чогуу бийлеп, эс алып, таң атканда эс алуучу жайдан чыгышкан. Кыздардын сунушу менен эс алууну дагы башка жерде улантууну макулдашышкан.
"Бир жерге барып отуралы деп айтышкандан улам мен үйүмдө жалгыз жашагандыктан ал жакка барууну чечкенбиз. Алар үйдүн дарегин алып, артыбыздан барарын айтышкан. Кийин такси менен өздөрү келишти. Эс алып, ичимдик ичип отурганбыз. Анан тиги кыз экөөбүз башка бөлмөгө чыктык. Ал жакта жакын мамиледе болуп, эч кандай зордуктоосуз эле жыныстык катнашка бардык. Күч колдонуу деген нерсе болгон эмес", - дейт ал.
Мындан сырткары ал кыздар андан бир топ жашка улуу экенин, социалдык тармакта ага карата атайын каралоо жүрүп жатканын билдирген.
Эске сала кетсек, буга чейин социалдык тармакка Ш.А. аттуу жигит курбусун зордуктап койгонун социалдык тармактын колдонуучусу жазып чыккан. Анда ал арыз жазылганын, бирок милиция шектүүнү бошотуп койгонуна нааразычылыгын билдирген.
Ал эми Ленин райондук ички иштер башкармалыгы аталган факты каттоого алынганын, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирген. Милиция 2003-жылы туулган Ш.А аттуу жаран күбө катары суралганын айткан.