Бишкекте милиция зордуктоого айыпталып жаткан 19 жаштагы баланы бошотту. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу жазып чыкты.
Анда ал үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында 2003-жылы туулган А.Ш. аттуу жигит анын курбусун зордуктаганын билдирген. Ошол эле күнү жабырлануучу милицияга арыз жазган.
Анын айтымында, милиция бул ишти жаап-жашырууга аракет кылып жатат.
"Менин досумдун кызы бар. Анын "кыз эместигине" шилтеме жасап, алар ага: "Акчаны ал да, унут. Жогото турган эч нерсең жок" деп жатышат. Кармалган жаран зордук-зомбулук фактысын моюнуна алды. Бирок ошол эле күнү үйүнө чыгарылды", - деп билдирген.
Аталган факты боюнча Ленин райондук Ички иштер башкармалыгына кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Бул факты боюнча 2022-жылдын 20-октябрында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына О.С. аттуу жаран Гагарин жана Баха көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйлөрдүн биринде Ш аттуу чала таанышы күч колдонуу менен жыныстык катнашка барганын билдирген. Аталган факты каттоого алынган. Ошондой эле О.С.га карата тиешелүү экспертиза дайындалды", - деп билдирет милиция.
Милициядан кошумчалашкандай, тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында 2003-жылы туулган А.Ш. аттуу жаран күбө катары суралган. Учурда сотко чейинки текшерүү жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим чыгарылат.