Президент Садыр Жапаров Кореянын президенти Юн Сок Ёлго Сеул шаарындагы массалык тыгында адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Үстүбүздөгү жылдын 29-октябрында Итхэвон районунда орун алган массалык тыгындын натыйжасында көп сандаган адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм. Орду толгус жоготуунун азабын жана кайгысын тең бөлүшөм", - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Эске сала кетсек, 30-октябрга караган түнү Түштүк Кореянын борбору Сеулда Хэллоуин майрамын белгилөө учурундагы тыгындан 150дөн ашык адам каза болуп, 100дөй киши жаракат алган.
Буга байланыштуу аталган өлкөдө улуттук аза күтүү жарыяланган.