БУУнун кызматкери 13 аялды зордуктаган деп соттолду

БУУнун мурдагы кызматкери, 39 жаштагы Карим Элькорани 13 аялдын зордуктаганы үчүн соттолду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, бул окуялар Иракта, Египетте жана АКШда 17 жылдан бери болуп келген.

Ал Иракта эл аралык өнүгүү тармагында, үч жыл - БУУнун Балдар фондунда жана эки жыл БУУнун байланыш боюнча адиси болуп иштеген.

Маалымдалгандай Элькорани жабырлануучулардын ишенимине кирип, аларга байкатпай баңгизат берип, андан соң зордуктаган. Жалпысынан жабыркаган 13 аял аныкталган. Анын ичинде 2016-жылы Иракта иштеген журналист да бар.

Сот Карим Элькораниди 15 жылга эркинен ажыратты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан