Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлайт.
Белгилүү болгондой, сапардын алкагында мамлекет башчысы БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу мерчемделген.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:
– Жээнбек Кулубаев Тышкы иштер министри;
– Муратбек Азымбакиев Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
– Абдилатиф Жумабаев Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси;
– Кубанычбек Бөкөнтаев Улуттук банктын төрагасы;
– Динара Кутманова Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри ;
– Алмаз Бакетаев Финансы министри ;
– Данияр Амангелдиев Экономика жана коммерция министри ;
– Таалайбек Ибраев Энергетика министри ;
– Тойгонбай Абдыкаров Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору ;
– Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэри ;
– Каныбек Туманбаев Президенттин иш башкаруучусу;
– Темирбек Эркинов Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси.