Ноокенде мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысына шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө таянсак, 26-октябрда Ноокен РИИБинин 102 телефон номерине 35-40 жаштар чамасындагы эркек кишинин киши колдуу болуп каза болгон жансыз денеси тууралуу милицияга кабар келип түшкөн.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Ноокен РИИБинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон жана соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында, табылган жансыз дене Өзбекстандын Наманган облусунун 38 жаштагы тургунуна таандык экендиги аныкталган. Шектүү катары Шамалды-Сай шаарчасынын 35 жаштагы тургундары Н.С., Т.Н., К.И., 31 жаштагы К.А. жана Ноокен районунун 29 жаштагы тургуну А.Н. кармалган.

Ошондой эле бул кылмыш кызганычтан улам келип чыккандыгы жана жабырлануучуга (каза болгон жаранга) карата мыкаачылык мамиле жасалып, денесине оор жарааттар келтирилгени аныкталган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан