Ноокенде эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 26-октябрь күнү саат 15:00 чамасында Ноокен РИИБине маалымат түшүп, анда Ноокен районунун Достук айыл аймагынын Кең-Сай айылына баруучу унаа жол менен Бишкек-Ош унаа жолунун 488-чакырымынын кесилишкен жеринен 100 метр алыстыкта жолдун четиндеги арыктын ичинен жашы болжол менен 35-40 чамасындагы кебетеси азиялык болгон эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы кабарланган.
"Бул маалымат 26-октябрь күнү Ноокен РИИБинде маалыматтардын электрондук журналына катталган. Окуя болгон жерге Ноокен РИИБинин ыкчам тергөө тобу жана жектекчилиги чыгып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемалар чийилип, фото таблицалар түзүлгөн.
Кароо жүргүзүү учурунда табылган денеде киши колдуу болгон жаракаттары бар, колдору жана буттары жип менен байланып көмкөрөсүнөн жаткан абалда экендиги аныкталган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин негизинде (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон. Ошондой эле соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-химиялык, соттук-гистологиялык жана башка керектүү экспертизалар дайындалды.
Тергөө тарабынанаты-жөнүн тактоо жана кылмыштын бетин ачуу максатында атайын тапшырмалар, багыттамалар берилип, тиешелүү кызматтар тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.