Садыр Жапаров Лула да Силваны президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Луис Инасиу Лула да Силваны Бразилиядагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Сизди 2022-жылдын 30-октябрында өткөн Бразилия Федеративдүү Республикасынын президентин шайлоодогу жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм. Сиздин жеңишиңиз Бразилия элинин колдоосунун жана ишениминин маанилүү көрсөткүчү болуп саналат. Кыргызстан Бразилия менен эки тараптуу кызматташтыкты жана элибиздин ортосундагы салттуу достук мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Биз Бразилия менен эки тараптуу кызматташуунун жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара ишенимге жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдарбыз", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Луис Инасиу Лула да Силвага чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми дос мамиледеги Бразилиянын элине тынчтык жана бакубаттык каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Antiradikal11
2022-10-31 21:08:00
Садыр Аферист менен Камчы Доопарастын Жогорку Кенештеги чимкириктери Кемпирабаддын сатылышын комитетте колдоп беришти. Эми Аферист менен Мирзиеев кол койсо, Жогорку Кенештеги 70-80 чимкирик Кемпирабад сатылсын деп колдоп берет... Кемпирабадды сактап калуунун жалгыз жолу - Кемпирабаддын сатылышын кутпой, токтоосуз 2 доопарасты бийликтен кууп тушуу. Башка жол жок... Болбосо ата-бабаларыбыздан мурас калган стратегиялык жерден да, скудан да туболукко кол жууйбуз. Ойгонгула КЫРГЫЗ ЭЛИМ!!!
+6
Bakyt_77
2022-10-31 22:25:00
Antiradikal 11 Сен билип билбей ар нерсени доодурой бербе Кемпир Абад Кыргызстандыкы болгон эмес аны илгертен эле Озбекстан башкарып келген Мен ошол жерден болом
-4
Antiradikal11
2022-10-31 22:34:00
Bakyt_77, биринчиден сен аферисттин жунундусун ичкен фейксин. Кемпирабаддын жээгинде жашасан Кемпирабад кимдин жери экенин билмексин...... Кемпирабаддын плотинасын Озбек ССРи курдуруп, алар башкарып келгени менен Кемпирабаддын жери да, суусу да биздики, Кыргызстандыкы... Плотинаны бузса кайра баары илгеркисине кайтат. Кемпирабад эч кандай Озбекстандыкы эмес!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан