Токаевдин мобилографы Садыр Жапаровго жардам берди (видео)

Коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин мобилографы Астанада өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Европа кеңешинин төрагасынын жолугушуусуна катышуу үчүн барган Садыр Жапаровго жардам берди.

Журналист Адил Балтабаев өзүнүн Телеграм каналына Касым-Жомарт Токаев менен Садыр Жапаровдун жолугушуусу алдындагы видеону жарыялады.

Видеодо Кыргызстандын делегациясынын мүчөлөрү Акордага киргени, ал эми Садыр Жапаров күрмөсүн чечүүнү унутуп, Токаев менен жолугушууга шашып бара жатканы көрсөтүлгөн. Этикет эрежелерин бузбоо үчүн Садыр Жапаров шашылыш түрдө күрмөсүн чечип, бош тургандарга, тактап айтканда Токаевдин мобилдик операторуна берген.

Эске салсак, 27-октябрда Астанада Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары менен Еврокеңештин төрагасынын жолугушуусу өткөн.

Токаевдин мобилографы Садыр Жапаровго жардам берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2022-10-31 19:37:00
Токаев суз кабыл алыптыр го
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан