Өлкө башчы Садыр Жапаров менен Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстанда биргелешкен холдингдик компания түзүү жөнүндө эки тараптуу макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Абу-Даби Өнүктүрүү фонду менен 1 миллиард 200 миллион АКШ долларына чейинки ар кандай коммерциялык өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга багытталган уставдык капиталы 100 миллион АКШ доллары болгон биргелешкен холдингдик компания уюштуруу боюнча өнөктөштүк мамиле жана расмий келишимдер түзүлдү.
"Финансылык ресурстар менен кирүүдөн тышкары, эмират тарап бизнес компетенттүүлүгү жагынан камсыз кылат. Компания жетекчилиги Эмираттардын мыкты ишкерлик тажрыйбаларын колдонуу аркылуу корпоративдик башкаруу принциптеринде иш алып барат. Долбоорлорду иштеп чыгууга жана башкарууга жогорку деңгээлдеги чет элдик менеджерлер тартылат",- деп айтылат маалыматта.
Каражат транспорттук-логистикалык хабдар, IT-инновациялары, энергетика тармактары жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууга, жаңы форматтагы биргелешкен эс алуу аймактарын жана жаңы шаарларды түзүүгө, ошондой эле башка өнүктүрүү долбоорлоруна жумшалары күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, мамлекет башчысы менен БАЭ президентинин жолугушуусу кечээ, 31-октябрда Абу-Даби шаарында орун алган. Анда сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттер аралык өнөктөштүктү тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлгандыгы маалымдалган.