Чүй районунун акимине жаштар аргымак мингизишти

Чүй районунун акимине жергиликтүү жаштар ат мингизип, үстүнө чапан жапты. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Кечээ, 31-октябрда өткөн мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун 95 жылдык жаркын элесине арналган мааракеде аким Жыргалбек Шакиевге Бурана айыл өкмөтүнүн жаштары ат мингизишти.
Анда алар ат оюндары жыйынтыкталган соӊ акимге бир тулпар белек кылууну демилге кылышкан.
Жыргалбек Шакиев 2021-жылдын май айынан бери аталган районду жетектеп, 10 айыл өкмөттү башкарып келет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан