Кытайда лотереядан 30 миллион долларга жакын акчалай сыйлык утуп алган адам бул утушун аялы менен баласына айткан эмес. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматта айтылгандай, ал Гуанси-Чжуан провинциясында бир эле учурда ар биринин баасы 11 доллардан турган 40 билет сатып алган. Алардын баары байгелүү билет болгон.
Билеттердин санын кошкондо жалпы утуш 220 миллион юанды (болжол менен 30 миллион долларга жакын) түзгөн. Атын атагысы келбеген адам сыйлык тапшыруу аземине мультфильмдин каарманынын костюмун кийип келген. Ал мындай чечимин акча аялы менен баласын текебер жана жалкоо кылып коюшу мүмкүн деген кооптонуу менен түшүндүргөн.
"Мен аялыма жана балама ири суммадагы утушка ээ болгонумду айткан жокмун. Алар өздөрүн башка адамдардан жогору сезип, көп иштебей, көп окубай калабы деп кооптонуп жатам", - деген лотереянын жеңүүчүсү.