Бишкек шаардык соту Жанар Акаевдин СИЗО-1деги аял тууралуу айтканына жооп берди

Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Жанар Акаев кечээ күнү депутаттар тобу менен Бишкектеги №1 тергөө абагына барып, ал жакта камакта отургандардын абалы менен таанышып келгендигин билдирди. Анда эл өкүлү 3 балалуу энеден кабар алганын, ал 6 миң сом уурдаганы үчүн камакта отурганын айтып, ошол эле учурда соттук отурумдар тынымсыз жылдырылып жатканын белгилеген.

Буга байланыштуу Свердлов райондук соту аталган жаран Т.М.Т.га карата кылмыш иши козголгонун билдирет. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан маалымдашты.

"Бул иш ушул жылдын 27-октябрында Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасоо, жалпы суммасы 17 000 сомдук мүлктү уурдоо боюнча айыптоо менен сотко келип, отурум 4-ноябрга белгиленген. Бул кылмыш иши Свердлов РИИБинин тергөө кызматынын тергөөчүсү тарабынан 26-сентябрда козголгон. 10-октябрда Свердлов райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен айыпталуучу Т.М.Т. СИЗО-1ге бир айлык мөөнөткө, тагыраак айтканда 8-ноябрга чейин жайгаштырылган. Баш коргоо чарасын кароо учурунда айыпталуучунун өздүгүн тастыктаган документи жок болуп, ага байланыштуу камакка алынган. Баш коргоо чарасын белгилөө чечими даттанылган эмес" ,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Жанар Акаев айткан соттолуучунун үч баласынын экөө жашы жете элек жана ажырашкандан кийин атасы менен чогуу жашагандыгы, ал эми Т.М.Т. алардан өзүнчө жашай тургандыгы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2022-11-02 19:44:00
Кукук депутат сыйлыгын качан алат бул
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан