Казакстандын бийлиги жакынкы аралыкта республиканын бюджетине сыртка чыгарылып кеткен 300 миллион долларды кайра кайтарат. Бул тууралуу Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин басма сөз кызматы билдиргенин казак басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, бул каражат буга чейин республиканын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин жээни Кайрат Сатыбалдыулы тарабынан Казакстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткени аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө 230 миллион доллардан ашык баалуу зер буюмдар жана асыл таштар аныкталып, кайтарылган.
Эске салсак, буга чейин Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы Кайрат Сатыбалдыулы менен байланышы бар ар кандай компаниялардын жетекчилери кармалганын маалымдаган.