Кадырбеков: "Акыйкатсыздык болуп жатса бетке айтпасаң - тилсиз шайтансың"

Бүгүн, 2-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков кесиптештерин ынтымакта болууга чакырды.

"Ушул жерде отуруп бири-бирибиздин көңүлүбүздү оорутпай эле коёлучу. Улуулар идеяны, майдалар адамдарды талкуулайт дейт. Бизди канча адамдар карап турса, бири-бирибизге асылып, көңүлүбүздү оорутуп жатабыз. Маданият мына ушундан башталат. Колуңдан, тилиңден пайда жетсин, пайда жетпесе жок дегенде зыян жетпесин", - деди Кадырбеков.

Ошондой эле ал коомдун маданият деңгээлин жетекчиге кантип кайрылганынан эле билсе болорун белгиледи.

"Мамлекет башчысын сыйлаш керек. Мамлекет башчысы мындай турсун, бирөө сага башчы болсо - кул болсо да айтканын аткар, ошондо береке бар деген сөз бар. Ар бир президентке шылдыңдаган лакап аттарды бердик. Кыргыз улуунун атын атабайт эле. Дүйнөлүк протоколдо да урматтуу президент дешет. А биз болсо анын бешигин терметкендей атын, атасынын атын айтып сүйлөйбүз. Акырындык менен өзүбүздүн маданиятыбызга келишибиз керек. Бирок сыйлоо менен кошоматтын айырмасы бар. Эгерде акыйкатсыздык болуп жатса, ошону жумшактык менен маданияттуу түрдө бетине айтып койбосоң - тилсиз шайтансың", - деди эл өкүлү.

Жогорку Кеңеш 02.11.22.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан