Биринчи Элдик Курултайды өткөрүүнүн күн тартиби бекитилди

Биринчи Элдик Курултайды өткөрүүнүн күн тартиби бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирет.

Кабарлангандай, бүгүн, 3-ноябрда Элдик Курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы астында уюштуруу комитетинин кезектеги отуруму өттү.

Анда Элдик Курултайдын иш регламентинин жана эмблемасынын долбоорлору жактырылды.

Жыйындын жүрүшүндө уюштуруу комитети тарабынан ушул жылдын 9-сентябрында берилген тапшырмага ылайык, Элдик Курултайды даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча негизги иш-чаралардын планын жана даярдыктар жөнүндө маалымат берилди.

Ага ылайык, Баткен облусунда - 275 жыйын, Жалал-Абад облусунда - 491, Ысык-Көл облусунда - 228, Нарын облусунда - 376, Талас облусунда - 138, Ош облусунда - 537, Чүй облусунда - 674, Бишкек шаары - 93, жалпы өлкөнүн аймагы боюнча 2839 жыйын өткөрүлгөн.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында өлкөнүн аймактарында, Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле чет өлкөдөгү миграттардын арасынан шайланган делегаттардын арасынан Элдик Курултайга катышуучу делегаттарга карата жергиликтүү курултайлар болуп өтөт.

Белгиленгендей, биринчи Элдик Курултайда делегаттардын суроолору каттоого алынып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка жарыяланат.

Аймактардан шайланып келген 1074 делегаттын суроо-талаптары, сунуштары жерде калбайт. Элдик Курултайда берилген сунуштар, каралган маселелердин жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат. Чечим Элдик Курултайдын төрагасы тарабынан мамлекеттин бийлик бутактарына, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тийиштүүлүгү боюнча сунуштоо мүнөзүндө жиберилет.

Жыйын президенттин жыйынтыктоочу сөзү менен аяктайт.

Белгилей кетсек, президенттин "Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарына биринчи Элдик Курултайды өткөрүү белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан