Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев мал жандыктарын кармагандардан салык алууну сунуштады. Буга себеп катары өлкөдө айыл өкмөттөрүнүн көпчүлүгү дотацияда отурганын билдирди.
"Өлкөдө 452 айыл өкмөт бар. Азыркы тапта алардын 330у дотацияда отурат. Статистика боюнча 2 миллиондун тегерегинде ири мүйүздүү мал, 700 миңге жакын жылкы, 8 миллиондон ашуун кой бар экен. Мына элибиз байыды, 3-4төн унаалары бар. Айылдын жашоо-шарты шаардыкынан кем эмес болуп калды. Менин айтайын дегеним, мал жандыктарына салык киргизсек", - деди ал.
Токторбаев 1 жылга койго 100 сом, ири мүйүздүү малга жана жылкыга 250 сомдон салык алууну сунуштады. Ошондой эле жер салыгын 2 миң сомдон кем эмес кылыш керектигин белгиледи. Анын айтымында мындай ыкма менен жергиликтүү бийлик жогору жактан акча күтпөй, өз алдынча иштерин кыла бермек.