Бүгүн, 3-ноябрда Бишкек шаарына орусиялык ырчы Филипп Киркоров келди. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Кыргызстанга келүү ар дайым жагымдуу, меймандос эли жылуу тосуп алышат. Күтүлбөгөн белектер, сюрприздер болду. Баарынан да баалуу белек бул күйөрмандардын сүйүүсү жана аншлаг. Ошондуктан күйөрмандарымдын сүйүүсү, колдоосу менен бүгүн кечинде чыгармачылыгымды тартуулайм", - деп жазды ал.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында Филипп Киркоровдун жеке концерти болот.