Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев ички иштер министрлигине дааватчыларга тыюу салууну сунуштады.
"Башка мамлекеттер менен тыгыз байланыштабыз деп жатасыз. "Таблиг жамаат" уюму Орусияда экстремисттик деп табылган. А эмне үчүн бизде бул уюм эркин иштеп жатат? Биз менен Орусиянын ортосунда визасыз режим болгондон кийин бир калыпта иштешибиз керек да. Биротоло Орусия менен тыгыз иштешип, ошол жамаатты жаап салбайсыңарбы", - деди ал.
Ага ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев ар бир мамлекеттин өзүнүн мыйзамдары бар экенин жана ошо мыйзамдардын негизинде иш алып барарын айтты.
"Таблиг жамаатынын" мүчөлөрүн дайыма көзөмөлдөп турабыз. Эгерде чектен чыгып, мыйзам бузууга бара турган болсо, албетте кылмыш жообуна тартылат. Аталган жамааттын ишмердүүлүгү буга чейин бир нече жолу текшерүүгө алынып, экстремисттик эмес деп табылган", - деди министрдин орун басары.
Белгилей кетсек, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына караштуу Даават, үгүт – насаат, жаштар жана аялдар бөлүмү бар. Муфтияттын даават бөлүмү дааватка чыккандар үчүн атайын жобо иштеп чыгып, учурда жобого ылайык дааватка чыккан жарандарды каттоо жана аларга уруксат баракчасын берүү иштерин жүргүзүп келет.