Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев Ички иштер министрлигине "Таблиг жамаатына" тыюу салууну сунуштаган. Андан соң Малиевди кесиптеши Өмүрбек Бакиров этияттап сүйлөөгө чакырды.
"Биздин бир коллегабыз "Таблиг жамаатына" тыюу салбайсыңарбы деген оюн айтты. Мен ушул коллегаларымды этияттап сүйлөөгө чакырам. Карап көрсөңүздөр, мамлекет жасабаган иштерди "Таблиг жамааты" жасап жатат. Жамандыктан кайтарып, жакшылыкка чакыруу, ата-энени сыйлоо, арактан тыйып, жаман жолдон кайтарып жатат", - деди эл өкүлү.
Бакиров ички иштер министринин орун басарына кайрылып, алардын мамлекетке эч кандай зыяны жок экендигин айтып, тескерисинче пайдасы тийип жатканын белгиледи.
"Канча деген бомж болуп кеткен жарандарыбыз жакшы турмушка кайтып жатат. Ошондуктан кесиптештеримди этият болууга чакырам. Андан көрө теңирчилерге тыюу салгылачы. Биздин өлкөдө 90 пайыз эл ислам динин карманышат. Мына ошолордун нааразычылыгын жаратпай, этияттап сүйлөсөк", - деди ал.