"Каяша айтпай, суроого жооп бериңиз". Атазов менен Акылбек Жапаров кайым айтыша кетти

Бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңеште "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында эл өкүлү Шайлообек Атазов менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кайым айтыша кетти.

Шайлообек Атазов өкмөт башчыга кайрылып, Бишкек шаарындагы унаа жолдору жана көпүрөлөр боюнча маселе көтөрүп, өкмөт аларга качан көңүл бурарын сурады. Ага Жапаров жергиликтүү бийликтегилер иштебей жаткандыгын айтып, көңүл буруу керектигин белгиледи.

"Акылбек Үсөнбекович, жергиликтүү бийлик иштебесе биз, депутаттар күнөөлүүбүзбү? Жагдайды көзөмөлгө албайсызбы. Бийлик башында сиз отурасыз го", - деп суроо салды Атазов.

"Мен сизди күнөөлүү деп айткан жерим жок да. Жагдайды түшүндүрүп жатам. Көзөмөлгө алган үчүн алдыңызга келип жооп берип жатам да",- деп жооп кайтарды министрлер кабинетинин башчысы.

Эл өкүлү Жапаровдон каяша сүйлөбөй, берилген суроого жооп берүүсүн талап калды. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларындагы унаа жолдордогу өтмөк көпүрөлөргө көңүл бурууга чакырып, борбор калаадагы Аламүдүн-1 жана Учкун кичи райондорундагы көпүрөлөрдү оңдоп берүүсүн суранды.

Жогорку Кеңеш 04.11.22
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан