Грузиянын батышында Ростом Швелидзе аттуу хирург ооруканада бейтапка татаал операция жасап жатып каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, дарыгер кошунасы менен болгон жаңжалдан кийин мылтыктын огунан жаракат алган жигиттин өмүрүн сактап калууга аракет кылган. Оор операция 8 саатка созулган.
Операция учурунда ал өзүн жаман сезип жатканын айткан, бирок ал жигиттин өмүрү үчүн күрөшүн токтоткон эмес. Тилекке каршы, ал операция жасап жатып каза болгон.
Ал өмүрүн сактап калууга аракет кылган бейтап дагы каза болгон.