Дубайдын борборундагы Downtown аймагында ири өрт чыкты. Маалыматты чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, араб дүйнөсүндөгү эң ири куруучу болгон "Эмаар" компаниясы курган асман тиреген имараты күйүп жатат.
Азырынча окуянын чоо-жайы айтыла элек. Ошондой эле жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу маалымат жок.