Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль Сеулдун борборунда 156 адамдын өмүрүн алган тыгын үчүн өлкө жарандарынан кечирим сурап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну убада кылды. Бул тууралуу Yonhap агенттиги жазды.
"Мен өзүмдү балдарынан айрылган ата-энелерге салыштырууга батынбайм, бирок жарандардын өмүрүн коргоп, алардын коопсуздугун камсыз кылуучу президент катары мен кайгырып жатам. Мен айтып бүткүс трагедияны баштан кечирип жаткан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнөн жана өлкө элинен кечирим сурайм", - деген Түштүк Кореянын президенти.
Бул президенттин Түштүк Корея элинен биринчи расмий кечирим суроосу.
"Мен күнөөлүүлөрдү жоопко тартам", - деп кошумчалаган ал.
Өткөн бейшембиде Сеулдун Итэвон районунда Түштүк Кореянын тарыхындагы эң ири трагедиялардын бири болду. Анда Хэллоуин майрамына карата чогулган адамдардын ортосунда тыгын пайда болуп, 156 адам тебелендиде калып каза болгон.