Бүгүн, 8-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстанга иш сапары менен келген Түркиянын ички иштер министри Сүлейман Сойлуну кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Нурланбек Шакиев Кыргызстан Түркия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана боордоштук мамилелерди чыңдоого артыкчылык берерин баса белгилеп, акыркы эки жылда мамлекет башчыларынын алгылыктуу аракети менен саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык, аскердик-техникалык багыттардагы кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүнө токтолду.
Өз кезегинде Сүлейман Сойлу жылуу кабыл алгандыгы үчүн Нурланбек Шакиевге ыраазычылык айтып, Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады. Ошондой эле Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп салам жолдогонун билдирди.