Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда Өзбекстанга иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Мамлекет башчысынын учагы Самарканд шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Садыр Жапаровду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды", - деп айтылат маалыматта.
Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин тогузунчу жыйынына катышат.
Ошондой эле Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөрү кошумчаланды.