"Домодедово" аэропортунда эки Кыргыз жараны 4 миллион долларын тарттырып ийди

Москва шаарындагы "Домодедово" аэропортунда Кыргыз жарандары 4 миллион долларын тоноочуларга алдырды. Бул тууралуу Baza Телеграм каналы жазды.

"Ири суммадагы акча менен эки киши Москвага бизнес сатып алуу үчүн учуп келишкен. Алар акчаны декларациялап, накталай акчаны сумка менен көтөрүп аэропорттон чыгып кетээр замат аларга эки унаа келип, автомат менен коркутуп тоноп кеткен", - деп жазылат маалыматта.

Маалыматка караганда, ок атуу болгон эмес. Кыргыз жарандары автоматчандарга акчаны берүүгө мажбур болушкан.

Өз кезегинде Москва облустук прокуратурасы окуянын чоо-жайы такталып жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Кж кж
2022-11-10 18:45:00
Оббооо
-1
Asmat84
2022-11-11 08:10:00
Кайсы депутаттын байлыгы болду экен. Качан бир жылдары да кыргыз жаранынын чоң суммадагы акчасын тоноп кетишти эле дагы ошондой болуптур да. Орустардын бийлиги аралашкан табышпайт. Аэропорттон декларациялап атканда сразу звонок кылып коюшту да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан