Бүгүн, 10-ноябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптар жыйында ТМУнун күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, "Түрк цивилизациясынын жаңы доору - жалпы өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө" темасына өзгөчө көңүл бурушту.
"Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө Кыргызстан менен ТМУнун экономикалык кызматташтыгынын алкагында түрк инвестициялык фондун түзүү жол-жобосун аяктоо боюнча конкреттүү чараларды көрүүдө аракеттерди бириктирүү жана бул фонддун штаб-квартирасын Кыргызстанда жайгаштыруу зарыл экенин баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Жээнбек Кулубаев көп пландуу өз ара аракеттенүү жана товар жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү, инвестициялык потенциалды жогорулатуу жана транспорт менен энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу алкагында интенсификациянын маанилүүлүгүн белгиледи.
Мындан тышкары ТМУнун тышкы иштер министрлери 11-ноябрда Самарканд шаарында боло турган уюмдун мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына коюлуучу бир катар документтерди талкуулагандыгы кошумчаланды.