Садыр Жапаров Самаркандда Түрк мамлекеттеринин лидерлери менен бирге сый тамакка катышты (фото)

Өлкө башчы Садыр Жапаров кечээ, 10-ноябрда “Түбөлүк шаар” комплексинде Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) катышуучу мамлекеттеринин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн Самарканд шаарына келген мамлекет башчылары менен бирге сый тамакка катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Жогорку даражалуу меймандар үчүн Өзбекстандын президентинин атынан расмий кече жасалды. Ошондой эле түрк элдеринин маданий ар түрдүүлүгүнө арналган концерт болду.

Программада түрк географиясынын салттуу маданияты менен музыкасы чагылдырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан