Кечээ, 12-ноябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун жаңы дайындалган башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр Кулубаев Өмүралиевди жогорку эл аралык кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстандын өкүлү ТМУну биринчи жолу жетектегенин жана анын институционалдык өнүгүүсүнүн чечүүчү мезгилинде ТМУну жетектей тургандыгын белгиледи.
"Жолугушуунун жүрүшүндө ТМУнун алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Самарканд шаарында өткөн ТМУга мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын 9-саммитинин жыйынтыктарын өз убагында жана толук ишке ашыруу зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурулду", - деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун соңунда Кулубаев кыргыз тараптын түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын жана катчылыктын ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин ырастаганы кошумчаланды.