Украинанын президенти Володимир Зеленьский Херсон украин аскерлери тарабынан бошотулгандан бир нече күндөн кийин барды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Зеленьский Херсондогу аскерлер жана шаардын жашоочулары менен жолугушкан. Зеленський сүйлөөгө чейин жана андан кийин шаарга жакын жерде артиллериялык аткылоонун добуштары угулган.
"Биз алдыга жылып жатабыз. Биз бүтүндөй өлкөбүз үчүн тынчтыкка даярбыз", - деген ал.
9-ноябрда Орусиянын Коргоо министрлиги орус тарап марттан бери көзөмөлдөп турган Херсондон аскерлерин чыгарып кеткенин жарыялаган.