Дүйнө жүзүндөгү калктын саны 8 миллиардга жетти. Мындай маалымат Бириккен улуттар уюмунун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, БУУ буга чейин Жер шарында калктын саны 8 миллиардга 15-ноябрь күнү жете тургандыгын билдирген.
"Эгерде дүйнө калкынын саны 7ден 8 миллиард адамга чейин өсүшү үчүн 12 жыл керек болсо, анда 9 миллиард адамга жетүү үчүн болжол менен 15 жыл керек. Мындай көрсөткүч дүйнө калкынын өсүү темпи басаңдагандыгын билдирет", - деп жазылат маалыматта.
Маалымат үчүн: 1960-жылы Жер шарында 3 миллиард адам болсо, 2011-жылга карата калктын саны 7 миллиард адамга чейин өскөн. Дүйнө калкынын негизги бөлүгү Азия менен Африкада жашайт.