Депутат Атажанов: "Лайкка муктаж болгон кесиптештерибиз жыйындан чыгып кетүүдө"

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйыны өтүүдө. Андагы күн тартибине ылайык, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору да каралары маалым болду.

Жыйында депутат Ырысбек Атажанов комитет төрагасынан кворум болгондугун тактап, айрым кесиптештери жыйындан чыгып кетип, кворум болгон деген өңдүү жалган маалымат таратып жатканын айтты.

"Азыр кворум болду да туурабы? Биздин кээ бир кесиптештерибиз чыгып кетет да, социалдык тармактардагы лайктарга муктаж болуп, ошолор менен ооруйт. Чыгып башкача жооп берет, өздөрүн жарнамалайт. Жыйындын аягына чейин катышкан башка депуттарды батыштын саясатын колдогон, "НПОчуларга" душман көрсөтүп жатат", - деди ал.

Комитет төрагасы Улан Примов депутаттардан жыйындын аягына чейин катышып берүүсүн өтүндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан