Парламентте депутаттар мушташып кете жаздады (видео)

Бүгүн, 17-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар мушташып кете жаздады.

Анда Өмүрбек Бакиров менен Фархат Исмаиловдун ортосунда пикир келишпестик жаралып, мушташып кете жаздады. Аларды башка депутаттар арачалап калды.

Ага чейин эл өкүлү Өмүрбек Бакиров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен.

Бакировдун бөлүнгөн убактысы бүтүп калгандыктан, сөзүн жыйынтыктап алуу үчүн ортолуктагы микрофонго чыккан. Ал арада Фархат Исмаилов менен чатакташып кетти. Алардын ортосунда эмне сөз болгондугу көпчүлүккө угулган жок.

Эске салсак, жыйында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралууда.

Парламентте депутаттар мушташып кете жаздады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан