Гаага соту 2014-жылы Донецк облусунда 298 адамдын өмүрүн алган Malaysia Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing 777 учагынын кыйрашына байланыштуу өкүм чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Соттун чечими боюнча, Амстердам - Куала-Лумпур каттамы менен учуп бара жаткан Boeing 777 учагы Донецктеги Биринчи Май айылы тараптан учурулган "Бук" зениттик ракетасы менен атып түшүрүлгөн. Сот кырсык болгон учурда Донецкти Орусия көзөмөлдөп турган деген бүтүм чыгарган.
Ошондой эле сот учакты атуу атайын болбогонун, аткандар аскердик учак менен алмаштырып алганын белгилеген. Соттун билдиришинче, кырсыктан кийин Орусия эл аралык жаңжалды болтурбоо үчүн "Бук" зениттик ракетасын алып кетишкен.
Айыпталгандар Орусиянын жарандары болгон Донецктин мурдагы коргоо министри Игорь Гиркин, генерал-майор Сергей Дубинский, полковник Олег Пулатов жана Украинанын жараны Леонид Харченко болгон.
Тергөөнүн корутундусуна ылайык, төртөө тең Орусиядан “Бук” абадан коргонуу системасынын келишине салым кошкон жана аны башкарган адамды координациялаган. Мындан улам 298 адамдын өлүмүнө негизги себепкер болушкан. Соттолуучулар өкүмгө катышкан жок.
Сот Гиркин, Харченко жана Дубинскийди учактын кыйрашына күнөөлүү деп тапты. Алардын баары жаза катары өмүр бою эркинен ажыратылды. Соттолуучу Пулатовго коюлган айыптар алып салынды.
Boeing 777 учагы 2014-жылдын 17-июлунда кыйраган. Амстердамдан Куала-Лумпурга учуп бара жаткан учак ракета менен атып түшүрүлгөн. Учактагы 298 адамдын баары (283 жүргүнчү жана 15 экипаж мүчөсү) каза болуп, алардын 80и жашы жете элек өспүрүмдөр болгон.