"Санарип Инсан" долбоору Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте өлкөнүн айыл аймактарындагы жаштар жана кыз-келиндерге санариптик көндүмдөрдү жогорулатууга багытталган окутууларды баштады. Бул тууралуу "Интернет Коомунун Кыргыз бөлүмү" уюмунан билдиришти.
Маалымдалгандай, аталган тренингдин алгачкысы Нарын облусунун Кочкор айылында болуп өттү.
"Жаштар жана кыз-келиндерге арналган бул окутуулар 2 күнгө созулуп, анда Instagram, Tik Tok, Facebook, Google сыяктуу социалдык тармактарды жана тиркемелерди колдонуу, ошондой эле платформаларга катталуунун жол-жоболорун үйрөнүштү.
Эки күндүк тренингге 20дан ашык жаран катышып, жыйынтыгында аларга сертификаттар тапшырылды.
Долбоордун максаты – өлкөнүн айыл аймактарында жашаган жаштарга жана аялдарга санариптик жана жашыл экономиканын иши боюнча билим берүү болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле мындай тренингдер алдыдагы 4 ай ичинде Кыргызстандын башка аймактарында да уланары маалымдалды.