Эки кыргыз балбаны Нью-Йоркто өткөн мелдеште жеңишке жетти

Кыргыз балбандары Тайырбек Жумашбек уулу жана Орозбек Токтомамбетов АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн эл аралык мелдеште жеңишке жетишти.

Билла Фарреланын жаркын элесине арналган эл аралык турнирге Тайырбек Жумашбек уулу 65 килограмм, Орозбек Токтомамбетов 74 килограмм салмакта катышып, эки кыргыз балбаны тең өз салмак категориясында жеңишке жетишти.

Ошондой эле Тайырбек Жумашбек уулу эл аралык турнирдин эң мыкты балбаны болду.

Турнир 18-19-ноябрь күндөрү Нью-Йорк шаарында болуп өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан