Касым-Жомарт Токаев президенттик шайлоодо жеңишке жетти. Бул тууралуу Казакстандын БШКсынын расмий билдирүүсүндө айтылат.
Маалымдалгандай, Токаев шайлоодо добуштардын 81,31 пайызын алып, жеңишке жетти. Анын талапкерлигин колдоп 6 миллион 456 миң 392 адам добуш берген.
Экинчи сапка 5,8 пайыз менен "Баарына каршы" деген графа чыкты. Талапкерлер Жигули Дайрабаев 3,42 пайыз, Каракет Абден 2,6 пайыз, Мейрам Кажыкен 2,53 пайыз, Нурлан Ауесбаев 2,22 пайыз, Салтанат Турсынбекова 2,12 пайыз добуш топтоду.
Шайлоодо 12 миллионго чукул шайлоочунун 8 миллиондон 300 миңге жакыны же 69,4 пайызы добуш берди.
Белгилей кетсек, Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо кечээ, 20-ноябрда өттү. Коңшу өлкөнүн президенттигине алты адам ат салышты. Алардын арасында өлкөнүн азыркы лидери Касым-Жомарт Токаев да болду.