Кыргызстандык балбандар АКШдагы эл аралык мелдеште алты медаль утту. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.
Белгиленгендей, Билл Фарреллди эскерүү боюнча эл аралык мелдеш 18-19-ноябрда Нью-Йорк шаарында өткөн.
Грек-рим күрөшү боюнча медалга ээ болгон балбандар:
алтын медаль – Атабек Азисбеков, 97 килограмм;
күмүш медаль – Тынар Шаршенбеков, 72 килограмм;
күмүш медаль – Мелис Айтбеков, 97 килограмм;
коло медаль – Калидин Асыкеев, 87 килограмм.
Эркин күрөш боюнча медалга ээ болгон балбандар:
алтын медаль – Тайырбек Жумашбек уулу, 65 килограмм;
алтын медаль – Орозобек Токтомамбетов, 74 килограмм
Белгилей кетсек, Тайырбек Жумашбек уулу турнирдин мыкты балбаны аталды.