Кытайдын борборундагы Хэнань провинциясында заводдо чыккан өрттөн кеминде 36 адам каза болгонун жергиликтүү CGTN телеканалы билдирди.
Белгиленгендей, окуя Аньян шаарында болуп, эки адам жабыркап, дайынсыз жоголгондор да бар экени кабарланат.
Кытайдын борбордук телеканалы билдиргендей, Аньян шаарынын өрт өчүрүү бөлүмүнө шаардын Вэньфэн районундагы ишканалардын биринде өрт чыкканы тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар барып, өрт өчүрүлгөн. Маалыматка ылайык, өрт Kaixinda Trading компаниясына таандык имараттан чыккан.