Америкалык рэпер Канье Уэст 2024-жылы АКШнын президенттигине талапкерлигин коёрун билдирди. Бул тууралуу "New York Post" басылмасы жазып чыкты.
Мындай билдирүү ырчынын Твиттер аккаунтунан бөгөт алынгандан кийин пайда болгон. Ошондой эле Канье Уэст публицист жана бир катар жаңжалдар менен белгилүү болгон спикер Мило Яннопулос анын шайлоо өнөктүгүнүн үстүндө иштей турганын билдирген.
Эске салсак, рэпер буга чейин 2020-жылы шайлоого барууга аракет кылып, бирок өтө кеч арыз берген жана анын талапкерлиги саналуу гана штаттардын тизмесинде болгон. Анда ага 60 миңдей адам добуш берген.